РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29 сентябрындагы № 213-т «Будапешт-Бишкек-Будапешт» маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу максатында" тескемеси

Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 29 сентябры № 213-т

"Будапешт-Бишкек-Будапешт" маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу максатында, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү көңүлгө алуу менен:

1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна "Wizz air Hungary Ltd" авиакомпаниясына жердеги жана аэропорттук тейлөө боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунда белгиленгендин үстүнө кошумча арзандатууларды берүү маселесин карап чыгуу сунушталсын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

 

У.А.Марипов