РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин Тескемеси 2021-жылдын 28-октябры № 265-т («Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында)

Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 28-октябры № 265-т

“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 398-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- l-пункттун 1-пунктчасында:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- 39 500 000 (отуз тогуз миллион беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төгүм түрүндө;”;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“- 500 000 (беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - энергетика секторундагы реформаларды колдоо үчүн;”.

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 16-1-10/357 субгранттык макулдашууга тиешелүү өзгөртүүнү киргизсин.

3.  Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А.У.Жапаров