РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 708 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлыгы

Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИ

БУЙРУК

2021-жылдын 29-декабры № 708

Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Акынбеков Алмаз Эмилбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү жана тарифтик жөнгө салуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги;

Джанибеков Бакытбек Джээнбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ыкчам бажысынын бажыдан кийинки контролдоо секторунун начальниги;

Жусуев Алимбек Толонбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Баткен" бажысынын төлөмдөрдү эсепке алуу жана статистика секторунун начальниги;

Абдыжапарова Назгуль Ниетбековна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Түндүк" темир жол бажысынын бажылык тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык контролдоону уюштуруу башкармалыгынын бажылык контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Курманбеков Улан Жолдошбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыялансын:

Бекболотов Талантбекке

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Түндүк" темир жол бажысынын бажылык тариздөө тобунун улук инспектору;

Маражапов Расул Эркинбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык контролдоо, төлөмдөрүн эсепке алуу секторунун бажылык контролдоо боюнча башкы инспектору.

 

Төрага

А. У. Жапаров