КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 37-т (Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүү жана мамлекеттик тилди жайылтуу, ата мекендик басылмаларды колдоо, ошондой эле жазылуу өнөктүгүн уюштурууга көмөк көрсөтүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-январы № 37-т
Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүү жана мамлекеттик тилди жайылтуу, ата мекендик басылмаларды колдоо, ошондой эле жазылуу өнөктүгүн уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу уюмдар жана мекемелер:
1) төмөнкү мезгилдүү басылмаларга 2022-жылга борборлоштурулган жылдык жазылууну жүргүзсүн:
- "Эркин Тоо" гезити;
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- мамлекеттик облустук гезиттер;
2) 2022-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө мезгилдүү басылмаларга жазылууну тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына төлөөнү жүргүзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине почта байланыш бөлүмдөрү берген көчүрмөлөрдү (жыйноо үчүн) жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы:
1) жазылуунун жүрүшү жана жазылган мезгилдүү басылмалардын саны жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги берген разнарядкага ылайык ар айдын 15инен кечиктирбестен жазылуучуларга эсеп-фактураларды жиберсин.
3. Мезгилдүү басылмаларга жазылууга байланышкан чыгымдарды каржылоо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), мекемелердин жана уюмдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А.У. Жапаров |