РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 54-т «Административдик участоктун паспорту» модулун иштеп чыгуу жонундо" тескемеси

Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 10-февралы № 54-т

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар мекемелердин ортосунда объекттер жана субъекттер жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасы үчүн "Административдик участоктун паспорту" модулун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана ишке киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте:

- "Административдик участоктун паспорту" модулун иштеп чыгууга милдеттерди койсун;

- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын алкагында ички иштер органдарынын ишке тартылган аймактык бөлүмдөрүнүн административдик участокторунда жайгашкан жана иштеп жаткан объекттер жана субъекттер жөнүндө маалымат алмашууну уюштурсун;

2) "Административдик участоктун паспорту" модулунун иштешин камсыз кылуу боюнча башка чараларды көрсүн;

3) коомдук тартипти камсыз кылуу, укукка каршы жосундарды алдын алуу жана бөгөт коюу, күтүлбөгөн кырсыктарга жол бербөө максатында калктын жашоо-турмушуна таасир этүүчү терс факторлорду жана шарттарды өз компетенциясынын чегинде жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн алар жөнүндө кабарламаны тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өч ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймактык ички иштер органдарынан келип түшкөн кабарламаларга өз убагында чара көрүү боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров