КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-февралы № 77-т
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарын даярдоо жана жүргүзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду:
- Өзбекстан Республикасынан азоттук минералдык жер семирткичтерди алып келүүлөрдүн жыл сайын белгиленген квотасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан аныкталган техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык 30,0 миң тонна көлөмүндө аммиак селитрасын сатып алсын;
- аммиак селитрасын сатып алууну берүүчү - Өзбекстан Республикасынын "Узкимёимпекс" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүү менен монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баада жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасына азоттук минералдык жер семирткичтерди алып келүү боюнча келишимди түзүүдө транспорттук чыгымдарды, ошондой эле минералдык жер семирткичтерди кабыл алууга, өткөрүүгө, жүктөөгө/түшүрүүгө, топтоого, сактоого жана чыгарууга кетүүчү чыгымдарды камсыз кылууну эске алсын;
- 2022-жылдын 1-майына чейин минералдык жер семирткичтерди монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баада сатсын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун жооптуу сактоочуларына минералдык жер семирткичтерди кабыл алууга (түшүрүүгө, ташууга, өткөрүүгө, топтоого, сактоого, жүктөөгө) жана сатууга байланышкан чыгымдарды төлөп берсин;
- минералдык жер семирткичтерди сатуудан түшкөн каражаттарды 2022-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине которсун.
2. Монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатылуучу минералдык жер семирткичтерге бааны кабыл алуудагы чыгымдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы сезондук минималдуу дүң рыноктук бааларды эске алып кайра карап чыгуу укугу менен белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондуна минералдык жер семирткичтерди сатып алууга "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардан 975369600 (тогуз жүз жетимиш беш миллион үч жүз алтымыш тогуз миң алты жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |