Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 166-т (Бөйрөктү трансплантациялоо зарыл болгон бала курактагы жана бойго жеткен бейтаптардын жашоосунун сапатын жана узактыгын жакшыртуу,Люминекс 200 (Luminex 200) мультипараметрдик анализатор жабдуусун сатып алууга ) жөнүндө тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 4-апрели № 166-т
Бөйрөктү трансплантациялоо зарыл болгон бала курактагы жана бойго жеткен бейтаптардын жашоосунун сапатын жана узактыгын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөйрөктү трансплантациялоодо молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргузүү үчүн Люминекс 200 (Luminex 200) мультипараметрдик анализатор жабдуусун сатып алууга 21 122 500 ( жыйырма бир миллион бир жүз жыйырма эки миң беш жуз) сом болуп берсин;.
2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрду карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максатуу пайдаланууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.
3 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |