КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 121-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу тууралуу протоколдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соодада бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин уюштуруу жөнүндө («Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридор») протоколдун долбоорлорун жактыруу тууралуу) Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-марты № 121-т
1. Расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу тууралуу протоколдун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соодада бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин уюштуруу жөнүндө ("Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридор") протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жогоруда көрсөтүлгөн протоколдорго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |