КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 138-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 24-марты № 138-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан андан ары өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкү тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Бештерек көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13402525 | 4525985 |
2 | 13404090 | 4523870 |
3 | 13404010 | 4523210 |
4 | 13403165 | 4522900 |
5 | 13401870 | 4523430 |
6 | 13401800 | 4525115 |
Аянты 447,28 га | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |