РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-марты № 97-т «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 3-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 03.03.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 3-марты № 97-т

2022-жылы айыл чарба жумуштарын өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 3-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктунда:

- "474000000 (төрт жүз жетимиш төрт миллион)" деген сөздөр "520000000 (беш жүз жыйырма миллион)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4) долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын режим (банктык түз көзөмөл, убактылуу администрациялоо) киргизилген коммерциялык банктар катыша албайт.";

2) жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:

- 12-пунктунун таблицасынын 1-пунктунун "Берилген кредиттин өлчөмү" деген графасында:

2-пунктчасындагы "3,0 (үч) миллион сомго чейин" деген сөздөр "1,0 (бир) миллион сомго чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

"3) асыл-тукум малдын башын сатып алган учурда акыркы алуучуларга 3,0 (үч) миллион сомго чейинки кредиттер";

- 40-пунктундагы "8,75" деген цифралар "11,75" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:

"47-1. Долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен тиешелүү Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып акыркы алуучулардын тизмелерин түзүүгө милдеттүү.";

- 48-пунктунда:

1-пунктчасындагы "8,75" деген цифралар "11,75" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2-пунктчасындагы "24,43", "7,89", "7,55", "4,94", "3,00" жана "1,05" деген цифралар тиешелүү түрдө "32,81", "10,59", "10,14", "6,64", "4,03" жана "1,41" деген цифралар менен алмаштырылсын;

3-пунктчасындагы "20,05", "7,85", "7,00", "3,85" жана "1,35" деген цифралар тиешелүү түрдө "26,94", "10,54", "9,40", "5,18" жана "1,82" деген цифралар менен алмаштырылсын;

4-пунктчасындагы "15,68", "7,78", "6,00" жана "1,90" деген цифралар тиешелүү түрдө "21,05", "10,44", "8,06" жана "2,55" деген цифралар менен алмаштырылсын;

5-пунктчасындагы "9,11", "7,41" жана "1,70" деген цифралар тиешелүү түрдө "12,23", "9,95" жана "2,28" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 49-пунктундагы "8,75" деген цифралар "11,75" деген цифралар менен алмаштырылсын.

 

Төрага

А.У. Жапаров