Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 25-майы № 278-т
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бул тескемени ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- жогоруда аталган лицензияны таануу жөнүндө арызды белгиленген тартипте карасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын ТИЗМЕГИ
№ | Лицензиат | Лицензия берген чет мамлекет | Лицензия берген чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы | Иштин түрү | Лицензиянын номери, берилген күнү |
1 | "Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети" коммерциялык эмес акционердик коому | Казакстан Республикасы | Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү жана илим чөйрөсүндө сапатты камсыз кылуу боюнча комитети | Билим берүү иши | № KZ27LAA00019309, 2020-жылдын 19-ноябры |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258-т тескемесинин редакциясына ылайык)