Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

2-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 348-т тескемесине)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы N 1-т тескемесинин редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар системасынын ишинин натыйжалуулугун талдоо, аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана кароо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү ченемдерин, типтүү түзүмүн жана штаттык ырааттамасын түзүү жана өзгөртүү боюнча сунуштарды алдын ала кароо үчүн түзүлүүчү, туруктуу иштеген консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.

2. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

2. Координациялык кеңештин негизги милдеттери, функциялары жана укуктары

3. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- функциялардын натыйжалуу бөлүштүрүлүшү жана кайталанышын жоюу, аткарылуучу функциялардын белгиленген программалык максаттарга жана милдеттерге ылайык келиши, мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдуу түзүү предметине аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин талдоо;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасын, министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык ырааттамасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана кароо.

4. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы түзүмдүк кайра өзгөртүүлөр, алардын (анын ичинде ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн) чектүү штаттык санын көбөйтүү жөнүндө сунуштарды кароо, сунушталып жаткан кайра өзгөртүүлөрдүн максатка ылайыктуулугу тууралуу корутунду берүү;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка мамлекеттик мекемелердин жоболорун, түзүмдөрүн, башкаруу схемаларын, штаттык санын жана штаттык ырааттамаларын талдоону уюштуруу, аларды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык ырааттамасын түзүү жана өзгөртүү боюнча сунуштарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттарын түзүүнүн типтүү ченемдерин алдын ала кароо;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү, ошондой эле айрым функцияларды аутсорсингге берүү жөнүндө сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу;

- аткаруу бийлигинин жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик органдарына милдеттерди жана функцияларды аныктоодо башка мамлекеттик органдар менен алардын кайталанышын болтурбоо үчүн көмөк көрсөтүү;

- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жарандык, эксперттик жана бизнес коомдоштуктун өкүлдөрүнөн жана башка субъекттерден Координациялык кеңешке келип түшкөн сунуштарды талдоонун жана жалпылоонун негизинде сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун башка маселелери боюнча сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу.

Жогоруда баяндалган функцияларга ылайык тиешелүү маселелерди Координациялык кеңеш тарабынан кароонун зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмалары менен аныкталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы N 1-т тескемесинин редакциясына ылайык)

5. Координациялык кеңеш өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруунун алкагында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн жыйналыштарында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин угууга;

- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан иш үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого жана алууга;

- Координациялык кеңештин алдында жумушчу жана эксперттик топторду түзүүгө;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди, жарандык жана бизнес коомдоштуктун өкүлдөрүн ишке тартууга;

- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды киргизүүгө;

- бюджеттен тышкаркы каражаттарды, донорлордун жана эл аралык уюмдардын гранттык жардамын тартууга.