Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т, 2023-жылдын 3-мартындагы № 88-т, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т, 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т, 2026-жылдын 13-мартындагы № 160-т, 2026-жылдын 23-мартындагы № 189-т , 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 280-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2022-жылдын 23-сентябры № 511-т
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү, ошондой эле "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында кызмат адамдарын тейлөө боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-р буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы № 196-б буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 109-б буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 3-б буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-январындагы № 8-б буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 223-т тескемеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т, 2023-жылдын 3-мартындагы № 88-т, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т, 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т, 2026-жылдын 13-мартындагы № 160-т, 2026-жылдын 23-мартындагы № 189-т , 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 280-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, алардын орун басарлары.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары.
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары.
10. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, орун басарлары.
12. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атайын өкүлдөрү.
14. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана анын орун басары.
15. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басарлары.
16. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлор.
17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана анын орун басарлары.
18. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү.
19. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана анын орун басарлары.
20. Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасы, алардын орун басарлары.
21. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлер).
22. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери.
23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары.
24. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.