КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-сентябры № 502-т
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басарына ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км" долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Кайынбаев Нурланбек Бектенбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары, расмий делегациянын төрагасы; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Сыдыков Орозбек Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Мукашев Кыялбек Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары. |