РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы N 500-т (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун жана Гранттык макулдашуунун долбоорлорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 22.09.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2022-жылдын 22-сентябры № 500-т

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа);

- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору (атайын операциялар) (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 3-чакан программа).

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров