Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т тескемесине) |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - ММБР ВАМС) максаттарын жана милдеттерин белгилейт, анын иштеши үчүн керектүү маалымат булактарын, аларды берүү тартибин, ошондой эле ага катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн курамы жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды камтыган, системалаштырылган мамлекеттик маалыматтык ресурс;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик орган, анын ведомстволук же тармактык баш ийүүсүндө төмөн турган баланс кармоочулар боюнча эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды топтоочу мамлекеттик ишканалар жана мекемелер иштейт;
мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/маалымат системасынын ээси - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
маалыматтарды иштеп чыгуу борбору - техникалык каражаттардан турган, карап көрүү үчүн жеткиликтүү маалымат базасынын негизинде мамлекеттик менчик жана активдер жөнүндө маалыматты жайгаштырууну, иштеп чыгууну жана пайдаланууну камсыздаган программалык-аппараттык комплекс;
мамлекеттик уюмдар - мамлекеттик мүлкү бекитилген мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик мекемелер;
мамлекеттик мекеме (же бюджеттик мекеме) - иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган, башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же башка коммерциялык эмес мүнөздөгү функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик орган же мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мекеме;
ММБР ВАМСтын катышуучулары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдары;
мамлекеттик мүлктү эсепке алуу - мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү үчүн эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматты чогултуунун жана жалпылоонун иреттелген системасы;
эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу - жаңылоо, толуктоо, өзгөртүү жана мамлекеттик мүлктүн курамы жөнүндө иш жүзүндөгү, объективдүү жана адекваттуу маалыматты эсепке алуу маалыматтарында чагылдырууга мүмкүндүк берген башка иш-аракеттер аркылуу жүзөгө ашырылуучу каттап жазуу (каттоо);
баланс кармоочу - мамлекеттик менчиктеги мамлекеттик уюмдар, мекемелер жана ишканалар, анын ичинде чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда мамлекеттик мүлкү бар мамлекеттик органдар;
маалымат системасынын оператору - маалымат системасын пайдалануу боюнча ишти, аны техникалык жана программалык коштоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. ММБР ВАМСта мамлекеттик мүлктү эсепке алуу маалыматтык максаттарга арналган жана укук белгилөөчү же укук күбөлөөчү мааниге ээ эмес.
4. ММБР ВАМС маалыматтары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине таандык.
5. ММБР ВАМС төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган мүлктү борборлоштуруп эсепке алууну камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү жөнүндө маалымат системасын киргизүү;
- мамлекеттик менчиктин бардык объекттери жөнүндө маалыматтарды берүүнүн бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилөө;
- ММБР ВАМС объекттери жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу жана үзгүлтүксүз маалымат берүүнү камсыздоо;
- ММБР ВАМСта эсепке алынган мамлекеттик мүлктүн курамындагы жана түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө карата контроль жүргүзүү.
6. ММБР ВАМСтын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ММБР ВАМС маалымат системасынын ээси;
- ММБР ВАМС маалымат системасынын оператору;
- бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде ведомстволук уюмдар, - ММБР ВАМСка маалыматтарды киргизүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы - мамлекеттик уюмдарга мамлекеттик аудит жүргүзүүдө ММБР ВАМСтын маалыматтарын пайдалануучу мамлекеттик уюм.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)