РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-октябрындагы ПТ № 198 (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 12.10.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 12-октябры ПТ № 198

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алып, төмөнкүдөй эскертме менен жактырылсын:

"Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 10 жана 12-беренелерин улуттук мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарат.".

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров