Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 759 «2021-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде берүү жөнүндө» тескемеси
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 23-ноябры № 759
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович 2021-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде берсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У.Жапаров |