РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 772 «Абдрахматов Канатбек Ермекович Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп бекитүү жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 28.11.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 28-ноябры № 772

Илимий процесстин үзгүлтүксүздүгүн сактоо, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин талаптагыдай жетектөөнү уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставынын 40, 42-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 

Абдрахматов Канатбек Ермекович Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп бекитилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров