КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-ноябры ПТ № 220
Укук коргоо жана сот ишин өркүндөтүү, адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2023-жылдын 1-апрелине чейин:
- "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна иштелип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Укушов Мурат Каниметович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Апсатаров Азамат Бекбосунович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Мусаев Нурлан Алишерович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары; |
Сыдыков Аскат Шаршекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы; |
Гилязетдинова Инара Ильгизовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы; |
Воронцова Ирина Николаевна | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотунун судьясы; |
Джаналиев Бекболот Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы; |
Жунусов Азамат Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн прокуратура органдары секторунун башчысы; |
Закиров Жоомарт Капаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн прокуратура органдары секторунун эксперти; |
Султаналиев Исабек Оморбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти; |
Шейшеканов Данияр Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти; |
Арстанбеков Мирбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти; |
Туратбек уулу Акылбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Суранчиев Жаныбек Эсенкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Шукурбеков Азизбек Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазык, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Султанов Улукбек Ташболотович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн начальниги; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды экспертизалоо жана ишти уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Конкубаева Умуткан Ургазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги; |
Джумабаев Марлис Джекшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш-жаза издөө башкы башкармалыгынын биринчи башкармалыгынын начальниги; |
Парманасов Айбек Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш-жаза издөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу улук оперкызматкери; |
Эшимкан уулу Нурдин | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары; |
Коомбаев Абдиш Абазович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катчылыгынын начальниги; |
Омуралиев Нурэлес Шамилович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги; |
Быкын уулу Рысбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Укуктук жактан камсыз кылуу кызматынын начальнигинин орун басары; |
Эсенбаев Максат Бердибекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн начальниги; |
Майлыбеков Эржан Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн начальниги; |
Элгондиев Нурлан Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Укуктук жактан камсыз кылуу кызматынын 1-бөлүмүнүн начальниги; |
Абдраманов Мырзабек Бакытбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу улук оперкызматкери; |
Борончиева Гульсана Исмаиловна | - | адвокат; |
Ирлан уулу Алманбет | - | адвокат; |
Кулбаев Аслан Касымалиевич | - | адвокат; |
Османова Алмаз Мамедовна | - | адвокат; |
Уметова Венера Ташкенбаевна | - | адвокат. |