КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 14-мартындагы № 103-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия өнүктүрүү банкынын төлөнгөн уставдык капиталындагы Россия Федерациясынын үлүшүнүн бөлүгүн сатып алуу-сатуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-марты № 103-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия өнүктүрүү банкынын төлөнгөн уставдык капиталындагы Россия Федерациясынын үлүшүнүн бөлүгүн сатып алуу-сатуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |