Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-мартындагы №113-т (Мүлктүк комплексти өткөрүп берүү жөнүндө) тиескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-марты № 113-т
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы дарек боюнча жайгашкан "Кыргыз деңизи" санаторийинин мүлктүк комплексин келечектеги дивиденддердин эсебине белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы дарек боюнча жайгашкан "Кыргыз деңизи" санаторийинин мүлктүк комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы дарек боюнча жайгашкан "Кыргыз деңизи" санаторийинин мүлктүк комплексин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул тескемеден келип чыгуучу республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул тескеменин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн объектке укуктардын өтүшүн каттасын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- мүлктүк комплексти максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана "Кыргыз деңизи" санаторийинин ишин уюштурсун;
- өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |