РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-мартындагы N 122-т (2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 27.03.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 27-марты № 122-т

1. 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басарына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров