Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары каралган.
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттеринен, функцияларынан жана ыйгарым укуктарынан тышкары, ар бир түзүмдүк бөлүмдүн өзгөчө компетенциясына кирген өзгөчө милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жобосу менен аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) өзүнчө чечими менен регламенттелет.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттери жана функциялары
3. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (мындан ары - мамлекеттик органдар) ишин координациялоо;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдар (анын ичинде атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана ар кандай коомдук уюмдар жана мекемелер менен Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча талаптагыдай өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) түзүмдүк бөлүмдөрдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу.
4. Түзүмдүк бөлүмдөр тейлеген багыттарынын алкагында жана белгиленген компетенциянын чегинде жалпы милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй жалпы функцияларды ишке ашырат:
1) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Мамлекеттик катчыга, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына тейлеген багыттары боюнча маалыматтарды чогултуу, жалпылоо, талдоо жана сунуштарды киргизүү, маалыматтык, аналитикалык жана башка материалдарды даярдоо;
2) мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, алардын чектеш чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында консультациялык-кеңешүүчү органдардын, кеңештердин, жумушчу комиссиялардын жана топтордун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана координациялоо;