Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, ал башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалык өз ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жүзөгө ашырат.
4. Башкармалыктын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү, анын курамында кодификация сектору иштейт;
2) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы өкүлчүлүгү.
Жогоруда аталган бөлүм, сектор жана өкүлчүлүк башкармалыктын курамындагы (башкармалыктагы бөлүмдүн) түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Президенттин Администрациясынын түзүмүнүн жана штаттык санынын алкагында Президент тарабынан аныкталат.
Башкармалыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
6. Башкармалыктын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президент тарабынан белгиленет.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
2) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда (мындан ары - Конституциялык сот) билдирүү;
4) Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Президенттин Администрациясы кабыл алган чечимдерге укуктук талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) шайкештигин камсыз кылуу;
5) мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
6) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ишин өркүндөтүү;
7) кабыл алынган мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин) системалаштыруу жана кодификациялоо, актылардын кагаз нускаларын эсепке алуу жана контролдук абалда кармоо;
8) Президенттин мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен укуктук реформа маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга катышуу;
9) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү маселелери боюнча ишин маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик-болжолдук камсыз кылуу;
10) Президенттин Администрациясында, аткаруу бийлигинин кураторлук кылган органдарында жана башкармалыктын компетенциясынын чегинде башка мамлекеттик органдарда мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу;
11) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын аткарууну камсыз кылуу.