Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 322-т (Ысык-Көл облусунун туристтик сезонуна карата рекреациялык объекттердин даярдык паспортторун берүү тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-июну № 322-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Ысык-Көл облусунун туристтик сезонуна карата рекреациялык объекттердин даярдык паспортторун берүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |