Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2022-жылдын 7-июну № 312-т

 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 742-т тескемесине ылайык)

Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, мамлекеттик органдарды жана республиканын региондорун күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын экономика

тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын курамы

 

 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 742-т тескемесине ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энергетика маселелерин тейлеген орун басары, Штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын энергетика министри, Штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.

 

Штабдын мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын агартуу министри;

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору;

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору;

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

“Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

“Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

“Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

“Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча).”.