РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 271-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун тартибин бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2023-жылдын 23-майы № 271-т

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинде жабыр тарткан айыл чарба жаныбарларынын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлерине келтирилген зыянды компенсациялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

           Төрагасы

 

А.У.Жапаров