Сравнение редакций…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 12-апрели №13-5
Ноокат райондук кургак учукка каршы диспансери менен биргеликте кургак учук оорусунун өсүшүн төмөндөгү аракеттерин жүргүзүүүчүн потранаждык фельдшер Калыковго жол акысы үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүнө “Медигос” УБДБнун директору А.Матисаковдун кайрылуу катынын негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 23-апрель 1998-жылдагы “Калкты кургак учуктан сактоо” жөнүндөгү мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 6-май 2006-жылдагы № 331 “Кургак учук 3” Улуттук программасы жөнүндө жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 31-июль 2006-жылдагы № 126 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-2010-жылдарга “Кургак учук 3” улуттук программасын турмушка ашыруу жөнүндөгү токтомдорун негизинде кургак учукка каршы иштеп жаткан потранаждык фельдшер Калыковго 2014-жылга жол акысы 3000 (үч мин) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |