Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-апрели № VII-2
Н. Исанов орто мектебинин капиталдык ремонту жана К. Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин котельныйынын капиталдык ремонту жана дааратканасынын курулушу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын отурумунда күн тартибиндеги төртүнчү маселени карап жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов орто мектебинин имаратынын капиталдык ремонту үчүн айыл өкмөттүн салымы 58332 сом, Элдин салымы 136107 сом белгиленсин.
2. К. Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин котельныйын жана дааратканасынын курулушу үчүн айыл өкмөттүн салымы 52622 сом Элдин салымы 157865 сом белгиленсин.
3. Н. Исанов орто мектебинин капиталдык ремонту үчүн 58332 сом К. Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин котельныйын капиталдык ремонту жана дааратканасынын курулушу үчүн 52622 сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, ишкердүүлүк боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |