Редакцияот 20.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын V сессиясы

 

2012-жылдын 20-июлу № 14/5-3

«Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6.09.2011ж. №392-р   "Экономика жана коопсуздук" иш Мерчемин аткаруу жана мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.01.2011ж. 2011-жылга программасын иштетүү боюнча" буйрутмасын аткаруу максатында, жана ошондой эле 28.06.2012ж. №15-61 КР биринчи вице-премьер-министриндеги кеңешменин отурумунун протоколунун негизинде, Токмок шаардык мэриясынын өтүнүч катын карап жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчилике алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга төмөнкү шарттарды аткарууда макулдук берилсин:

Республикалык бюджеттен багытталган трансферттерге (субсидия) жергиликтүү бюджетке калкка жылуулук энергиясын иштетүүдө анык чыгымды жабуу боюнча төлөм жүргүзгөндө;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токмок «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын эсебинен кайтарымсыз карыздарын чыгарганда;

2. Токмок шаарынын мэриясы:

- дайыма техникалык мониторинг абалын жана ири оңдоо иштери үчүн каражат издеп таап же жылуулук камсыздаган күчүнүн чегинде эскирген жабдууларды алмаштырууну камсыздасын;

- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасынын» чыгымдарына багытталган каражаттарды масаттуу колдонууга корголгон беренелер жана бюджеттик тилке түзсүн;

- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасынын» акча каражатарын сарамжалдуу колдонууну көзөмөлдөө жана натыйжалуу башкаруу боюнча программа иштелип чыксын.

- «Токмок жылуулук камсыздоо ишканасы» Мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн шаардык Кеңештин депутаттарын кошуп комиссия түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу Токмок ш. биринчи вице-мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин профилдик депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев