Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-апрели № 2
Куйручук айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы жазгы айдап себүү жумуштарына карата механизаторлорго жана чабан-бадачыларга эки тараптуу келишимдин негизинде төлөнүүчү расценканы бекитүү тууралуу
Күн тартибинде каралган маселе боюнча айыл тургундарынын сөздөрүн , билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаачылык жумуштарына төмөндөгүдөй баалар бекитилсин.
1. Жер айдоо боюнча : 1 га – Соко – 600 сом. Май -25 л.
2. Малалоо : 1 га. – 200 сом. Май 10 л.
3. Себүү : 1 га – 300 сом. Май 10-л.
4. Шак тартуу : - 1 га – 100 сом. Май – 5 л.
2. Чөп чабуу (Германка) 1 га. – 1000 сом. Май 10л.
Чөп чапкыч трактор – 1 га – 600 сом. Май – 10 л.
Тырмоо 1 га. – 250 сом. Май – 5 л.
Чөп тартуу : (ар бир рейс) – 250 сом.
Май аралыкка жараша (келишим менен).
3. Жер аянттардын сугаты боюнча:
Чөп,жер сугат – 500 сом.
Кара сугат – 600 сом.
4.Мал багуу боюнча:
1. Бада уй – (1 айга ) – 200 сом.
2. Кой , эчки – 25 сом.
5. Уй кесүү: 1. 2 башка чейин 1 жолу кайтарат.
2. 3 башка 2 жолу кайтарат.
3. 4-5 башка 3 жолу кайтарат.
6. Чабандардын жайытка көчүү – конуусу боюнча:
Ар бир рейсине – 60 л. бензин
Акысы- 1500 сом.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана аны ишке ашыруу өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | З. Баисов |