Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы
2016-жылдын 22-августу № 33/2
“Райондун ардактуу атуулу” наамына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынан көрсөтүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан “райондун ардактуу атуулу” наамына атуулдарды көрсөтүү боюнча депутаттардан түшкөн сунуштарды угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынын “райондун ардактуу атуулу” наамына Күрүчбеков Сабырбек жана Мураталиев Манапбек Сулпукоровичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. “Райондун ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлгөн Күрүчбеков Сабырбектин жана Мураталиев Манапбек Сулпукоровичтин керектүү өздүк кагаздарын топтоп Кочкор райондук депутаттардын кошмо жыйынына сунуштоо жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты А. Осмоновго милдетттендирилсин.
Тѳрага: | Т.И. Курткаев |