Загрузка документа…
БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Балтагулов айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2016-жылдын 27-августу № 3-2
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргызча) гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Байдулдаева Нуринага милдеттендирилсин.
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин төрагасы |
Темиров Мейманбеков |