Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз ХХХ сессиясы
2016-жылдын 12-августу № 30-2
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине «АРИС» проектиси аркылуу келген жаңы МТЗ 82.1 трактору жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине «АРИС» проектиси аркылуу келген жаңы МТЗ 82.1 трактору жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат- Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине «АРИС» проектиси аркылуу келген маркасы МТЗ 82.1 трактору айыл өкмөттүн балансасына кабыл алынсын.
2. Жаңы келген МТЗ 82.1 маркадагы трактору жайыт комитетине керектөөчү убагында пайдаланууга берилсин, калган учурда айыл тургундарынын керектөөсүн камсыз кылуу максатында акы алып кызмат көрсөткөнгө макулдук берилсин.
3. Кызмат көрсөтүүүнүн түрлөрүн жана алынчу акыларын антимонополия мекемеси аркылуу бекиттирип иш жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Айдыралиев |