Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
2016-жылдын 25-августу № 3
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык урматына Сакалды айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн,аталган айыл өкмөттүн аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча алынып барылган иштерге көрсөткөн көмөгү үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25жылдык урматына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек мырзага “Сакалды айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу ” ардактуу наамы жана төш белгиси ыйгарылсын.
2. Бул иш чарага тийиштүү жумуштарды аткаруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен тийиштүү каражат ажыратылсын.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М. Султановго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Исмаилов |