Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кууганды айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 22-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 12
Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл аймагынын жөлөк пул чектөө комиссиясы, жөлөк пул алууга кайрылгандардын жашоо шартын, абалын карап туура чечсин .
2. Кууганды айыл өкмөтүнүн алдында тех.сервис түзүлсүн жана уюштуруу иштерин жүргүзүү, жетекчисин дайындоо,юстициядан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Суюнтбековго жүктөлсүн.
3. Кууганды айыл аймагына келген техникаларды башкаруучулар 1,5 айдын ичинде иштеп тапкан каражаттары боюнча отчет берсин.
4. Жыйын-терин учурунда жайлоодон жашыруун көчүп келип жаткан малчыларга жергиликтүү инспектор Ш.Базарбаев менен биргеликте тартипке чакыруу жана элдик жыйындын токтомунун негизинде айыпка тартуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Суюнтбековго жана жайыт комитетинин төрагасы О.Сейталиевге милдеттендирилсин.
5. Сары-Булак өзөнүндөгү күтүлбөгөн мөндүрдүн кесепетинен талкаланган жолду, МЧСтин резервдик фондунун эсебинен оңдотуп берилсин.
6. 2016-жылдын бюджетинде каралбаган Телеком “Нур” компаниясынан түшкөн ижара акынын 70 000(жетимиш миң) сому Кууганды айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215-статьясына бөлүнүп чыгымдалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 штаттык бирдик бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалды каттоо департаменти менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишими” бекитилсин.
Кууганды айылдык кеңештин төрагасы |
О.Сейталиев |