Редакцияот 30.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXIX кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 30-августу № 3

Республикалык бюджеттен кошумча берилген 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын жумшоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты Жыгач-Коргон айылында курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушу үчүн кириштелип, бюджеттик классификацияга ылайык 70911 бөлүмүнүн 31112290 беренесине чыгымдалсын.

2. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Токтосунов