Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 21-сессиясынын кезектеги отуруму
2016-жылдын 17-октябры № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Касымбек Дыкановичтин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин 2016-жылдын 6 ай ичиндеги аткарылган иштери тууралуу отчетун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 21-сессиясынын кезектеги отуруму угуп карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинен каралган 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү 15438,7 сомго ал эми чыгаша бөлүгү 10144591 сомду түзүп
-аппаратка 5115716
-мектептерге 2582675
-бала бакчаларга 881000
-китепканаларга 257500
-клубтарга 272200
-электр энергияга 1035500 сом бөлүнүп жумшалганы бир добуштан канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |