Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 21-сессиясынын кезектеги отуруму
2016-жылдын 17-октябры № 3
Айылдык кеңештин ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Абдылдаевдин жана кеңештин төрагасы Д.Молдоболотовдун Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын депутаттарынын 21-сесиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Д.Молдоболотовдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Абдылдаевдин сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана үзүрлүү эмгектери үчүн Чоң-Алай районунун башчысы аким Жапаров Жумадилла Курсанбаевичке жана Чоң-Алай районунун прокуратурасынын прокурору Айтназаров Алмазбек Арстанбековичке,Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Жайчибек Тайирбек Аскаровичке, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Касымбек Дыкановичке жана Исмаилов Абдишүкүргө Чоң-Алай айылдык аймагынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо. Коомдук иштер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |