Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июлу № 2
Акназаров айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Акназаров айылдык Кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016 –жылдын 20-июлундагы кезексиз 25-сессиясы Акназаров айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушун угуп,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Т. Жанкорозованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин Турак жай жана курулмалар бөлүмүнүн 2215 статьясынын 110000 сом акча каражатынан 70000 сом акча каражаты соц.коргоо бөлүмүнө,40000 сом акча каражаты айылдык клуб бөлүмунүн 2215 статьясына жылдырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жанкорозовага жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |