Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 7
Кара-Бак айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги тарабынан жарыяланган “Коммуналдык инфратүзүмдөрдү каржылоо VIP-KFW 3-этап” долбоорунун алкагында инвестициялык конкурска катышуу үчүн ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушун карап жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Кара-Бак айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушунун жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Кара-Бак айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дарбишовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |