Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 1
Жеке ветеринардык адистер тарабынан берилүүчү справкалардын баасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн ветеринария боюнча башкы адиси Р.Мусуралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагындагы айыл тургундарынын малдарына жеке ветеринардык адистер тарабынан берилүүчү форма №1а,№2а,№3а справкалардын баасы бодо малга 20сом,кой-эчкиге 10 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринария боюнча башкы адиси Р.Мусуралиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |