Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 4
Ача-Кайынды айыл аймагында каттоодо турган айыл тургундарына берилип келген справкалардын баасын өзгөртүү жөнүндө айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовдун сунушун угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 26-февралындагы Ача-Кайынды айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган №II/IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан айыл тургундарына берилүүчү баардык справкалар бекер баада берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы М.Асаналиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |