Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-январы № 3
Кең-Арал айылдык кеңешинин иш кагаздарынын номенклатурасын бекитүү жөнүндө
Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы, Кен-Арал айылдык кеңешинин иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык документтерди издөөнү,далилдүү бөлүштүрүүнү жана делолордун эсебин алууну камсыз кылуу максатында сунушталган иш кагаздарынын номенклатурасын карап чыгып талкуулап Кең-Арал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кең-Арал айылдык кеңешинин 2017-2021-жылдарга иш кагаздарынын номенклатурасы бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Бейшеналиевага милдеттендирилсин.
Төрага | И. Жумабеков |