Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 3
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы №5392-Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак, №5565 Таштак шайлоо участкаларынын чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы №392-Барын, №398-Бостон, №399-Крупская, №452-Кара Турпак, №5565-Таштак шайлоо участкаларынын чек араларын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы №5392-Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак, №5565 Таштак шайлоо участкаларынын чек аралары төмөндөгүчө бекитилсин:
№5392 "Барын" шайлоо участкасы.
Борбору - А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: А. Бадалов көчөсүнүн эки тарабы, Касимов Ярматтын үйүнөн магазинге чейин, Фирдавсий, Бабур, Хамза, С. Рахимов, Х. Алимжан , Зульфия көчөлөрү, Аэропорт №1,№2,№3, Аэропорт көчөсүнүн Файзулин Шамилдин үйүнөн Исманалиев Анваржандын үйүнө чейинки кун батыш тарабы, Исманалиев Анваржандын үйүнөн Валиханов Аьзамжан Абдилвохобовичдин үйүнө чейин, Валиханов Аьзамжан Абдилвохобовичдин үйүнөн магазинге чейинки туташкан көчөлөрдө жашаган шайлоочулар кирет.
№5398 "Бостон" шайлоо участкасы.
Борбору - А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: М.Абдуллаев көчөсү, Ж.Абдулакимов № 1,2,3 переулок көчөлөрү, Т.Умиров №4,5 переулок көчөлөрү, Абдумаликов Абдувалинин үйүнөн Узакбаев Арипжандын үйүнө чейинки, Р.Юлдашев көчөсүнүн эки жагы, Ш.Моминованын үйүнөн Рахманалиева Шарипахондин үйүнө чейин, XXV Партсьезд, Мамитов Пазил Ажы, Шаар маала, Чехов, Навои көчөлөрүнүн тургундары, М.Абдуллаев көчөсүнүн Мадалов Нооманжандын үйүнөн Сарымсаков Шукуратилланын үйүнө чейин, Мамитова Аропаттын үйүнөн Каратаев Конурдун үйүнө чейин жашаган шайлоочулар кирет.
№ 5399 "Крупская" шайлоо участкасы.
Борбору - Крупская атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: С. Алимбаев атындагы көчөсүнүн эки тарабы, Жоробаева Санавардын үйүнөн Мамажанов Улукбектин үйүнө чейин, Жакыпов атындагы көчөсү, Х. Абдумаликов атындагы көчөсү, М. Эргашов атындагы көчөсү, Ленин атындагы көчөсу, Хонкелдиев атындагы көчөсү, Тайлаков атындагы көчөсүндө жашаган шайлоочулар кирет.
№ 5452 "Каратурпак" шайлоо участкасы.
Борбору - Самиев атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: А. Алланазаров көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы, Т.Камалов, Хужам-Кары, Крупская, Т.Кодирбоев, Кара-Турпак, Тапвалдиев, Жомий, Уста-Жоро, Беруний, Г.Гулям, Жуков, Х.Халбаев көчөлөрүнүн шайлоочулары, Исаков Шукурулланын үйүнөн Мирзабилалов Мирзахамдамдын үйүнө чейин, Эргешов Худайбердинин үйүнөн Мирзакаримова Нишонхандын үйүнө чейин, Хусанов Эсеналинин үйүнөн Моминова Салиянын үйүнө чейин, Сидиков Нематтын үйүнөн Кочканова Малохаттын үйүнө чейин жашаган шайлоочулар кирет.
№5565 "Таштак" шайлоо участкасы.
Борбору - Ноокат шаарыык мэриянын имарати.
Чек аралары: А.Туланов атындагы көчөсүнүн эки тарабы, Базарбаев Махамадумардын үйүнөн Максуталиев Мамиржандын үйүнө чейин, А.Лутфуллаев көчөсүнүн эки тарабы Мамажанова Матлюбахондын үйүнөн Турсункулов Эргашбайдын үйүнө чейин, С.Калбеков көчөсүнүн Н.Тороханованын уйунон Вадилжан Базарбаевдин үйүнө чейин кун чыгыш тарабы, Ташлак көчөсүнүн Тажибаев Рахимжандын үйүнөн Атакозуев Жабардиндин үйүнө чейин, Атаназар Кары көчөсүнүн Атакозиев Жабардиндин үйүнөн Мирзаев Хабибулланын үйүнө чейин, О. Солтобаев көчөсүнүн Рахманкулова Хатичахондын үйүнөн Хайдаров Икрамжандын үйүнө чейин, Янтак көчөсүндө жашаган шайлоочулар кирет.
2. №392-Барын, №398-Бостон, №399-Крупская, №452-Кара-Турпак, №5565-Таштак шайлоо участкаларынын чек аралары Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрага | А. Гафаров |