Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 4
Ноокат шаарынын аймагындагы Н. Исанов атындагы эс алуу багынан орун алган Өчпөс от алеясын 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун 72-жылдыгына карата жана эс алуу багындагы курулмаларды, тратуарларды оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багынан орун алган Өчпөс от алеясын 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун 72-жылдыгына карата жана эс алуу багындагы курулмаларды, тратуарларды оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багынан орун алган Өчпөс от алеясын 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун 72-жылдыгына карата оңдоп түзөөдөн откорүү үчүн 23 400 сом жана эс алуу багындагы курулмаларды, тратуарларды оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 27 600 сом, жалпысы болуп 51 000 (элүү бир миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |