Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 73/XXIX-26
Азия биринчилигине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаштар арасында эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү М. Жаппуевге жана машыктыруучу С. Ниязовго акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, 2016-жылдын 15-июнундагы “Азия биринчилигине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаштар арасында эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү М. Жаппуевге жана машыктыруучу С. Ниязовго каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө” № 444/01-25 катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы Азия биринчилигине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаштар арасында эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү М. Жаппуевге жана машыктыруучу С. Ниязовго каржылык жардам көрсөтүү үчүн мэрдин резервдик фондунан 31395 (отуз бир миң үч жүз токсон беш) сом акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (М. М. Мамралиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков
|