Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 176/XXIX-26
«Автоматташкан сүрөт-видео аныктоо системасы» долбоорун ишке ашырууга 2016-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калган эсебинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Кант шаарынын мэри Э.Д. Абдрахмановдун сөзүн угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2016-жылдын 14-июнундагы №1/4092 катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2016-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калган эсебинен 5000000,0 (беш миллион) сом акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (М. М. Мамралиев) жүктөлсүн.
Төрага |
А. Шайлдабеков
|