Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 23 июну №41/163
Кызыл–Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүнүн №127–даректеги муниципалдык имаратында балдар бакчасын ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кызыл–Кыя шаарынын И.Жусубалиев көчөсүнүн №127–даректеги муниципалдык имаратында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын №707–аскер ротасы жайгашып, шаардын коопсуздугуна көмөктөшүп турган. Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын кол башчысынын 2016–жылдын 2–июнундагы “Түштүк аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүн жана кошундарын көчүрүү жөнүндө” №276–буйругу менен жогорудагы аскер ротасы Баткен облусунун Баткен шаарына көчүрүлүп кетип, аскер ротасы ээлеп турган муниципалдык имарат бошоп калган. Ал имарат шаардын мэринин 2016–жылдын 6–июнундагы №01–16/187 буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан муниципалдык менчикке кайтарылып алынган. Шаарда балдар бакчасынын жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу, келечек ээлери болгон жаш муундарга таттыктуу тарбия берүү максатында, ал имаратта балдар бакчасын ачуу пландаштырылууда. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, шаардык кеңештин сесссиясына сунуштоо боюнча чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2016–жылдын 8–июнундагы №01–8/821 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын №707–аскер ротасы көчүп кеткендигине байланыштуу, бошотулуп Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин балансына кайтарып алынган шаардын И.Жусубалиев көчөсүндөгү №127–даректеги муниципалдык имаратта балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына милдеттендирилсин, шаардын И.Жусубалиев (Первомайская) көчөсүндөгү №127–даректеги муниципалдык имаратта балдар бакчасын ачууга байланышкан имаратты ремонттон өткөрүү, финансалык жана штаттык маселелерди чечүү боюнча иштерди жүргүзүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |